Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эльвира Сурабалдиева Шалта айылынын жашоочусуна материалдык жардам көрсөттү

12-11-2018
14:08

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева Сокулук районундагы Гаврилов айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө Шалта айылдык кеңешинин депутаттары менен бирге оор турмуштук абалга кептелген Шамилбек Жумачаловдун үйүндө болуп кайтты.

Үй-бүлө башчысы Шамилбек Жумачалов майыптыгына карабай жалгыз өзү балдарын тарбиялап, эмгекчилдиктин жана чыдамдуулуктун үлгүсүн көрсөтүп келүүдө. Туугандары менен айылдаштары Шамилбекти жалгыз таштап койбой, колдон келген жардамдарын берип келишет. Шамилбектин бир тууганы Аида өзүнүн турмуштук көйгөйлөрү бар экенине карабай бир тууганынын балдарын тарбиялоого каралашып келатат.

КСДПчы депутат Эльвира Сурабалдиева Аида Жумачаловду парламентке чакырып, 50 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардамын көрсөттү. Ошондой эле социалдык жөлөк пулду ала баштоого да колкабыш  кылды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы