Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Улан Примов: өкмөт тышкы карыздар боюнча бекем позицияга ээ болушу зарыл

12-11-2018
14:41

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 24-сентябрдагы жыйынында айтты.  Анда депутаттар «КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты.

Каржы министри Адылбек  Касымалиев белгилеп өткөндөй, КР Бюджеттик кодексинин 59-беренесине жалпы  тышкы карыздын көлөмүнүн  70 %дык босоголук чегин киргизүүнү караган толуктоо киргизилгени жатат.

Анын айтымында,  мындай чекти киргизүү экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана тышкы карыздардын кесепеттерин эскертип туруу менен түшүндүрүлөт.

КСДПчы депутат Улан Примов бир жыл мурда Бюджет  кодекси кабыл алынганда, эл өкүлдөрү бул беренени узакка талкуулашып, так чекти аныктоо  сунуштары болгонун эскертип өттү. Бирок  А. Касымалиев сунуш кылынып жаткан редакцияны кабыл алуу максатка ылайык келери менен түшүндүрдү.

«Мен 59-берене боюнча сиздин жообуңузга канааттанган жокмун. Сиздин карыз алуу боюнча бирдиктүү позицияңыз жок экен. Бул туура эмес. Бир жыл мурда кабыл алынган беренени калтыруу керек, анда карыздын көлөмүн өкмөт эл аралык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен аныктайт  деп белгиленген», -  деди У. Примов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы