Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Гүлкан Молдобекова жаш балдарды сатууга эч кандай тиешеси жоктугун расмий билдирди

12-11-2018
14:46

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова расмий түрдө билдирүү жасап, жаш балдарды сатууга эч кандай тиешеси жоктугун айтты.

Эл өкүлү ошондой эле ага байланыштуу жалган маалыматтарды тараткандардын үстүнөн укук коргоо органдарына кайрылып, ЖМКлардагы маалыматтарга укуктук баа берүүнү талап кыларын айтты. Депутат 2018-жылдын 13-сентябрындагы Жогорку Кеңештин жыйынынын «Ар кандай маселелер» бөлүгүндө балдардын укуктарынын бузулушуна жол бербөө, адамдарды сатууга бөгөт коюу маселелерин көтөрүп, дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 8 жаштагы Мединанын өлүмү боюнча калыс иликтөө иштери жүргүзүлүүсүн талап кылганын эскертти. «Мен спикерге кайрылып, бул факты боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча социалдык маселелер комитетине тапшырма берүүнү сурангам», - деди Г. Молдобекова. Эл өкүлү  анын ошондогу билдирүүсү айрым кызыкдар топторго жакпай, алар ЖМКлар аркылуу каралап жаткан болушу мүмкүндүгүн айтты. «Мында максаттуу түрдө каралоо болуп жатат. Мен бул маселе боюнча териштирүүлөрдүн жыйынтыгы  Комитеттин келерки жыйынында айтылат деп ишенем», - деди депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы