Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Данияр Аттокуров «Тоо лыжа кластерин» ишке ашырууну өкмөттүн эсине салды

12-11-2018
15:08

КСДПчы депутат Данияр Аттокуров Жогорку Кеңештин 27-сентябрдагы жыйынында өкмөткө кайрылып, Ысык-Көл облусундагы «Тоо лыжа кластери» долбоорун ишке ашыруу зарыл экенин айтты.

Анын айтымында, «Тоо лыжа кластери» Ысык-Көл облусундагы туризмдин өнүгүүсүнө импульс берет.

«Биз Дүйнөлүк көчмөндөр  оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алдык, туристтик сезонду да жыйынтыктадык. Бирок биздин бардык сезондуу  туристтик потенциал ишке ашырылбай келатат. Ал үчүн кластердик ыкманы пайдалануу зарыл. Бул жааттагы эң бир перспективдүү долбоор болуп  Ысык-Көл облусунда 5 тоо лыжа курортун курууну караган «Тоо лыжа кластери» болуп эсептелинет. Ал кластерден тоо лыжа базасы эле эмес, коомдук тамактануу, турак-жай жана социалдык тармактар да утушка ээ болот. Сыягы, өкмөт бул долбоорду унутуп койгон окшойт, жериндегилер болсо унутуша элек, бирок ишке ашабы, жокпу деген маселе турууда», - деди Данияр Аттокуров.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы