Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Иса Омуркулов: Бир суроого алгылыктуу жооп бере алган жоксуңар!

12-11-2018
15:14

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов фракциянын 28-сентябрдагы жыйынында билдирди. Анда өлкөнүн экспорттук потенциалын арттыруу багытында өкмөттүн аткарып жаткан иштери боюнча маалымат угулду.

Анда И. Омуркулов экономиканы жандандыруу, экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча кандай иштер аткарылып, чаралар көрүлүп жатканын сурап, вице-премьер-министр Замирбек Аскаровго кайрылды. Вице-премьер буга тиешелүү жоопторду берди.

Бирок фракция лидери өкмөттүн өкүлүнүн берген жоопторуна таптакыр канааттанбаганын билдирип, сын пикирин айтты. «Өкмөт примитивдүү гана нерселерди айтып атасыңар. Сиздин сөзүңүздөн ынандырарлык жооп ала алган жокмун. Силердин кылап аткан ишиңер жок экен. Азыр экономикалык абал оңой эмес болуп турат. Чукул, ыкчам чараларды көрбөсөңөр ишкерлер сыртка чыгып кетүүдө. Жашырганда эмне, биз 95 %га чейин импорттоп калдык. Эртең алардан келип аткан нерселер келбей калса, азык түлүк коопсуздугу жаралышы мүмкүн. Ошондуктан силер ага жол бербөө үчүн оперативдүү чараларды көрүшүңөр керек», - деди И. Омуркулов.

Мындан сырткары, фракция лидери вице-премьер Замир Аскаровдун облустардын бюджетин, кайсыл облустардын дотацияда экенин билбегени үчүн да сынга алды.  «Облустардын бюджетин билбегениңиз мени таң калтырды. Сиз бул боюнча так маалыматтарды билишиңиз керек болчу. Сыягы, өкмөттө кадрдык башаламандыктан улам жакшы адистер да калбаган окшойт. Суроолорго жоопторду таппай олтурасыңар. Статкомитеттин эле ролун аткарып калдыңар. Кылган иши жоктугуна карабай айыл-чарба министрлигин кармап отурасыңар. Инвесторлор келсе, алар менен иштешкенди билбейсиңер», - деди фракция лидери.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы