Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Абдывахап Нурбаев: Салык төлөөчү салык төлөөгө кызыкдар болушу керек

12-11-2018
15:18

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары  28-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча өкмөттүн маалыматын угушту.

Жыйында эл өкүлү Абдывахап  Нурбаев Кыргызстандагы эл аралык лабораторияларды  ишке киргизүүнү тездетүү зарылдыгын айтты. «Лабораториялар качан курулуп бүткөрүлөт? Алар бүтүп ишке киргизилсе, алардын сертификатынан өткөн продукцияларды чет өлкөлөргө, анын ичинде Европага да экспорттоого мүмкүн болот эле», - деди А. Нурбаев.

Экономика министрлигинин өкүлү бүгүнкү күнгө карата 19 лаборатория курулуп бүткөрүлгөнүн, алардын Ош жана Бишкек шаарларына курулгандары эл аралык талаптарга жооп бергендер экенин белгиледи. Анын айтымында, бул лабораториялар 90 %га жабдуулар менен жабдылган.

А. Нурбаев ошондой эле өкмөттү салык саясатына болгон мамилени өзгөртүп, салык төлөөчүлөрдө салык төлөөгө мотивациялоочу механизмдерди киргизүүнү сунуш кылды.

«Маселен, АКШнын ишкерлери акыркы 3 жылда төлөгөн  салыктарын көрсөтүү менен жеңилдетилген кредиттерди алууга мүмкүнчүлүк алышат. Сиздер ушундай эле тажрыйбаларды пайдалансаңар болмок, алсак, салыкты өз убагында төлөгөндөргө преференцияларды берсеңер болот», - дейт депутат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы