Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эльвира Сурабалдиева: Бизде сугат суусу көйгөйгө айланганда, кайдагы экспортту айтып жатасыңар?

12-11-2018
15:23

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары  28-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча өкмөттүн маалыматын угушту.

Жыйындын жүрүшүндө,  эл өкүлү Эльвира Сурабалдиева айыл-чарба министрлигинин өкүлүнө кайрылып, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр  сугат суусун пайдаланууда кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын айтты.

«Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушканда, алар сугаруу  маселесинде  көйгөйлөр көп экенин айтышты. Көптөгөн гектар жерлер кайракы жерлерге айланууда. Экспортту өнүктүрүүнү сөз кылгандан мурда сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну ойлонсоңор», - деди эл өкүлү Э. Сурабалдиева.

Мындан сырткары, депутат  айыл чарба министрлиги прогноздоо багытында эч кандай иш кылбай жатканын сынга алды. Анын айтымында, жылдан жылга  өндүргөн продукцияларын сата албай кыйналган фермерлердин саны артууда.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы