Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Искендер Матраимов: Экспортту өнүктүрүү үчүн чиновниктер бизнеске тоскоолдук кылгандарын токтотушу керек

13-11-2018
09:45

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары  28-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу боюнча өкмөттүн маалыматын угушту.

Жыйында депутат Искендер Матраимов өкмөттү экономиканы өнүктүрүп, аймактардагы элдин жашоосун жакшыртуу багытында пландуу иш-аракеттери жоктугу үчүн сынга алды.

«Мен сиздердин маалыматыңыздарга канааттанган жокмун. Силер «кылып атабыз», «пландап атабыз» деп эле айтып атасыңар, бирок иш жүзүндө өкмөттүн иши көрүнбөй жатат. Сиздердин аймактарга жасаган иш сапарыңыздардын  максаты – мектеп, бала бакчалардын ачылышына катышып, чай ичип, конок болуу  болуп калды. Ал эми губернатор, мэр, акимдердин милдети силерди татыктуу тосуп алып, коштоп жүрүүгө айланды.  Мындай практиканы токтотуу керек, экспортту өнүктүрүү үчүн эң башкысы бизнесмендерге, жеке ишкерлерге тоскоолдуктарды жаратканыңарды токтоткула», - деди Искендер Матраимов.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы