Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Мурадыл Мадеминов өнөр жай секторун салыктык оорчулуктардан бошотууну сунуш кылды

13-11-2018
09:52

Мындай сунушун эл өкүлү ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин 1-октябрдагы жыйынында айтты. Анда эл өкүлү Айдаркен сурьма комбинатына, Кара-Балтадагы тоо кен комбинатына ж.б. өнөр-жай объектилерине «Кумтөр» ишканасына берилгендей  преференцияларды берүү зарылдыгын айтты.

Жыйында Мурадыл Мадеминов экономикалык абалдын начарлашына өкмөттүн алысты көрө билбеген саясаты, кадрдык курамдын сапатсыздыгы себеп болуп жатканын белгиледи.

«Үч жылдан бери биз Комитетте өлкөнүн бюджетин, анын киреше, чыгаша бөлүктөрүн карап жатабыз, бул маселени өкмөт башчы, вице-премьер-министр көзөмөлдөйт, бирок сиз жооп берип жатасыз, Адылбек Алешович. Балким, сизди премьер-министр кылып дайындап коелубу? Экономиканы тескеген вице-премьер-министр Замирбек Марипбаевич болсо КСДПнын акыркы жыйынында  7 облустун жана шаарлардын бюджети канча экенин билбей койду», - деди М. Мадеминов.

Мындан сырткары, депутат жаңы өндүрүш объекттерин ишке киргизбегени үчүн мамлекеттик органдардын ишин сынга алды.

«Бюджетке түшпөй калган акчанын өлчөмү 2,9 млрд. сомду түздү, ал эми экономиканын негизин өнөр-жай түзөт. Айтыңызчы, акыркы убактарда ири өндүрүш объекти ишке киргизилдиби? Сиздер отчет бергенде «Кумтөр» ишканасын эске алып, анан эске албай эсептеп чыгасыңар. Айдаркендеги сурьма, Кара-Балтадагы тоо кен комбинаттарына да салыктык преференцияларды бериш керек. Буларды деле КНС салыгынан бошотуп койсо болбойбу? Сиздер катаал салык саясаты менен аталган ишканаларды талкалап жатасыздар. Кадамжайдагы сурьма комбинатынын төлөмү мурда Ош облусунун бюджетинин 32 %ы түзчү. Салыктык жеңилдиктер киргизилсе, өлкөнүн өнөр-жайынын өнүгүүсүнө өбөлгө болмок», - деди М. Мадеминов.

Соңунда депутат экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын терс кесепеттерине токтолду. Эл өкүлүнүн белгилөөсүндө, Финпол жазалоочу органга айланып калды, муну ишкерлердин баары айтып жүрүшөт. Депутат Финполду жоюп, бул түзүмдү Салык кызматына кошуп коюу туура болорун айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы