Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Иса Омуркулов: Соттор жеке менчиктин кол тийгистигин камсыз кылышы керек

13-11-2018
15:02

Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти комитетинин 2-октябрдагы жыйынында айтты. Анда эл өкүлдөрү «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жѳнүндѳ» КРнын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун талкуулашты.

Жыйында Иса Омуркулов Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып, соттук иш өндүрүшүндөгү статистика тууралуу сурады. Г. Калиева акыркы 5 жылда жарандык иштердин саны эки эсеге, тагыраагы, 40 миңден 70 миңге көбөйгөнүн айтты. Анын айтымында, жарандар турмуш-тиричиликтик, эмгектик жана мүлктүк маселелер боюнча доо-арыз менен көп кайрылыша башташты.

Иса Омуркулов соттук иштердин көбөйүп жатуусу соттук системанын начардыгынан, бийликтин өзүм билемдигинен улам  болуп жатканына токтолду.

«Соттук иштер менен соттук системанын түздөн түз байланышы бар. Мисал келтирейин: мен комитеттин жыйынынын алдында Асан Жайлообаевич менен сүйлөштүм, ал киши көп жылдар бою президенттин Аппаратынын алдындагы дарылоочу мекемени жетектеп келет.  Анын колунда бардык инстанциялардын укуктуу экенин тастыктаган документтер бар. Бирок сот аркылуу объектти андан тартып алышты. Тилекке каршы, соттор жогору жактан буйруктарды кыйшаюусуз аткарышат, укпай коё алышпайт, коркушат. Эмне үчүн бизде мөөнөтү өтүп кеткен боюнча берене иштебейт? Эмнеге мындай учурда менчиктештирүүгө мыйзамсыз уруксат бергендерди жоопкерчиликке тартышпайт? Сатып алуучунун кандай күнөөсү бар? Андай болсо силер бардык менчиктештирилген объекттерди карап чыгып, мамлекетке завод, фабрикаларды кайтарышыңар керек…», - деди Иса Омуркулов.

Эл өкүлү менчикке кол тийбестик демократиялык рынок экономикасынын шарты болуп эсептелет, сот органдары Конституцияда көрсөтүлгөн  укукту камсыз кылып берүүлөрү абзел. «Мындай абалда өлкөнүн инвестициялык абалын жакшыртуу жөнүндөгү сөздөрдөн эч кандай майнап болбойт», - деди башкы КСДПчы.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы