Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Аида Касымалиева Өзгөн районундагы көйгөйлөр менен таанышты

13-11-2018
15:19

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева 29-сентябрдан 1-октябрга чейин Өзгөн районуна иш сапар менен барып, анда  райондун көйгөйлөрү менен таанышты, жаңы социалдык объекттердин ачылыштарына катышты.

Иш сапардын алкагында эл өкүлү «Дени сак эл» дарыгерлер Ассоциациясы менен биргеликте Ак-Жар айылын кыдырып чыкты. Анда аярлуу катмардагы жарандарды акысыз медкароодон өткөрүү, консультация берүү иш-чараларына күбө болуп, дарыланып жаткан жарандардын ал-акыбалдарынан кабар алды.  Аталган ассоциация тоолуу райондордо туруктуу түрдө ушундай иш-чараларды өткөрүп келет.

Мындан сырткары, депутат Аила Касымалиева фракциялашы Нодиржон Каримов жана вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова менен биргеликте Куршабдагы оорукананын абалы менен да таанышты. Оорукананын имараты 18-кылымда курулгандыктан, учурда  толугу менен реконструкциялоого муктаж.  А. Касымалиева өз сөзүндө оорукананын имаратын  2019-жылдагы бюджеттин капиталдык курулуштар беренесине киргизүүгө бардык аракетин көрөрүн айтты.

Ошондой эле эл өкүлү Өзгөн районунун активдери менен да жолукту, анда жарандарды социалдык жактан коргоо, энеликти жана балалыкты коргоо, алардын жашоосунун сапатын жогорулатуу маселелери жөнүндө сөз болду.

Эл өкүлү булар менен чектелген жок. Кароол айылындагы Ботобеков атындагы орто мектептеги электрондук китепкананын ачылышына да катышты. Китепкананы жадбуу үчүн 2 млн. сомго компьютердик жана башка техникалар  сатылып алынган. Булардан сырткары, 3 мектепке ноутбуктар берилди.

Иш сапардын соңунда эл өкүлү Аида Касымалиева Эл аралык карылар күнүнө арналган иш-чарага катышты. Депутат карыларды  бул майрамы  менен куттуктап, алардын тажрыйбалары, кеп-кеңеш, акыл-насааттары жаш муундар үчүн маанилүү экенин белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы