Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КСДПчы депутаттардын эмгектери бааланып, жогорку наамдар менен сыйланышты

13-11-2018
15:26

Жогорку Кеңештин КСДПчы депутаттары Абтандил Кулбараков, Айнуру Алтыбаева жана Альфия Самигуллина КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун  колунан жогорку наамдарды алышты.

Бүгүн, 2-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик наамдар менен сыйлоо салтанаты болуп өттү. Наамдарды КР Президенти Сооронбай Жээнбеков тапшырды. Сыйлангандардын арасында фермерлер, дыйкандар, ишкерлер, жумушчулар, педагогдор, дарыгерлер, социалдык жана маданий кызматкерлер, саясий жана коомдук ишмерлер бар.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары да мамлекеттик жогорку наамдарга ээ болушту. Атап айтсак, депутат Абтандил Кулбараковго  «Даңк» медалы, Айнуру Алтыбаевага «КР мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген ишмери», Альфия Самигуллинага «КРнын эмгек сиңирген дарыгери» наамдары ыйгарылды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы