Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Cайдолимжон Жураев: Кызыл-Кыядагы цемент заводун Ош облусунун балансына өткөрүп берүү Баткендин экономикасын артка тартат

13-11-2018
15:38

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 4-октябрдагы жыйынында айтты. Эл өкүлү өз сөзүндө Өкмөттүн аппаратынын экс-жетекчиси Мурат Мукамбетов бул маселе боюнча  парламентти адаштырып, туура эмес маалымат бергенин да белгилеп өттү.

«2018-жылдын июнунда ЖК депутаттары Кызыл-Кыядагы цемент заводунун Ош облусуна берилгени туура эмес болгонун айтканыбызда, Өкмөттүн ошондогу аппарат жетекчиси Мурат Муканбетов өкмөттүн цемент заводу өткөрүп берүү боюнча токтому кайтарылып алынганын айткан эле. Бирок ал токтом кайтарылбай эле ишке ашырылыптыр. Муну менен Өкмөт Жогорку Кеңешти эле эмес, бүтүндөй Баткендин элин алдаптыр. Урматтуу төрага, биз сизден кайсыл документтин негизинде завод өткөрүлүп берилгенин тастыктаган документти көрсөтүү боюнча протоколдук тапшырма берүүнү суранганбыз. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе көрсөтүлгөн жок. Же ал документке  да купуя грифи басылганбы? Андай эмес болсо документти көрсөткүлө. Жогорку Кеңешти тоотпогонуңарды токтоткула»,- деди С. Жураев.

Депутат ошондой эле Кызыл-Кыя цемент заводу бюджет түзүүчү ишкана экенин, салыктык  чегерүүлөрдүн жарымын, тагыраагы, 647 млн. сомдун 327 млн. сому ушул заводдун эсебинен топтолорун айтты.

«Өкмөт бул акчаны кайсыл резервдин эсебинен толуктаганы жатат? Мен Өкмөткө кайрылып, Баткен облусунун экономикасын артка тартчу чечимди жокко чыгарууга чакырам», - деди С. Жураев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы