Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Дастан Бекешев саламаттыкты сактоодогу реформаны ачык-айкын жүргүзүүгө чакырды

13-11-2018
15:42

Жогорку Кеңештин КСДПчы депутаты Дастан Бекешев 4-октябрдагы жыйында саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге кайрылып, тармактагы реформаны ачык-айкын, коомчулуктун талаптарын эске алуу менен  ишке ашырууга чакырды.

«Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тармагында көп реформалар болуп жатат, бирок алардын маңызы түшүнүксүз. Министрлик аны жабык, коомдук талкууларсыз жүргүзүүдө. Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна байланыштуу реформалар жүрүп жатат, башкы дарыгерлерди министрликке чакырып жатасыңар… Космосбек Сариевич, элге мындай реформалардан кандай пайда болорун түшүндүрүш керек, мурдагы министр реформаларды кылып  кетип калды. Эми сиз жүргүзүп жатасыз. Анан аларды кантип тартипке келтиресиңер?», - деди эл өкүлү.

Депутат ошондой эле дагы бир жолу Жогорку аттестациялык комиссиясына кайрылып, диссертациялар сакталчу маалыматтар базасы ачык болушу керектигин, аларды коомчулуктан жашыруу менен ЖАК 1990-жылы кабыл алынган «КРнын илимий-техникалык маалыматтары жөнүндө» мыйзамын бузуп жатканын белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы