Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Иса Омуркуловдун мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктоосу

13-11-2018
16:08

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов өзүнүн жана фракциянын атынан Кыргызстандын жарандарын билим берүү Күнү менен куттуктайт!

Кымбаттуу мугалимдер!

Менин чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар! Сиздердин кесибиңиздер – кең пейилдүүлүктүн, адамгерчиликтин жана акылмандыктын үлгүсү. Сиздер өз эмгегиңиздер аркылуу жаш муундарга жол көрсөтүп, билим, илим алуусуна себепчи болуп келесиздер.

Бул күн дагы бир жолу мугалимдердин, окутуучулардын, билим берүү тармагында иштегендердин билим берүүдөгү, өсүп келаткан муундарга таалим-тарбия берүүдөгү, коомдун өнүгүүсүнө жана келечекке татыктуу муундарды даярдоодогу  эмгектери менен ролдорун белгилеп коюуга мүмкүндүк берет.

Билим берүү системасын өнүктүрүүгө салым кошуу, педагогикалык мекемелерге социалдык жактан  колдоо көрсөтүү, билимдүү болуунун престиждүүлүгүн  өстүрүү – бул сиз менен биздин, жалпыбыздын милдетибиз.

Мен Сиздерди дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздердин ак эмгегиңиздер, мээнетиңиздер үчүн рахмат айтып, ар бириңиздерге ачык асман, жарык маанай каалайм! Ден-соолукта болуңуздар, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө аманчылык, байгерчилик каалайм!

Урматым менен,

КСДП  фракциясынын лидери

Иса Омуркулов