Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Улан Примов сырттан алган акча каражатын экономиканын реалдуу секторуна багыттоону сунуш кылды

13-11-2018
16:16

Мындай сунушун эл өкүлү Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин жыйынында айтты. Анда комитет мүчөлөрү КР өкмөтүнүн кредиттерди жана гранттарды пайдалануу боюнча маалыматын угушту.

Жыйында депутат Улан Примов өкмөттүн кредиттерди колдонууну көзөмөлгө алуу боюнча так механизми жоктугуна токтолду. «Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, кредитти өзү пайдаланган профилдик министрлик  кредиттин натыйжалуулугуна сын көз менен карап,  баа бералабы? Албетте, алар өздөрүн сындашпайт. Эсеп палатасы текшерүүлөрдү жүргүзүп жатат, алар максаттуу пайдалануусун текшеришет, бирок натыйжалуулугун эмес», - деди У. Примов.

«Сырттан көзөмөлгө алуу функциясын Жогорку Кеңеш аткарат, бирок сиздер да ички аудитти күчөтүү боюнча системасын жакшыртышыңар керек. Балким, атайын орган түзүү керектир, бул орган кредит жана гранттардын натыйжалуулугуна көз салып турмак. Болбосо, акча каражаттары жөн эле жок болуп кетип атат. Ага мисал катары «Таза Суу» долбоорун айтсак болот, аны ишке ашырууга 318 млн. доллар акча жумшалды», - деди эл өкүлү.

Мындан сырткары, депутат консультациялык кызмат көрсөтүүлөргөн багытталган акча каражатынын суммасын азайтуу сунушун айтты, андан көрө бюджет түзүүчү секторлорго багытталган инвестицияларды көбөйтүп, жаңы ишканаларды ишке киргизүү зарыл.

«Ооба, бизге транспорттук  түйүндөр керек. Эгемендикке келгени айыл-чарба жана ирригация  тармагына 200 жана 80 млн. доллар жумшалды. Бул эмнеге жетмек эле? Биз экономиканы кантип өнүктүрөбүз?», - деди Улан Примов. Ошону менен бирге депутат тышкы карыздарды алуу, аларды кечтирүү жана ички инвестициялар боюнча иш алып барчу вице-премьер-министр кызматын түзүүнү сунуштады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы