Айнуру Алтыбаева: Мамлекет интернатты бүтүрүүчүлөрдүн турмуштан өз ордуларын табууларына жардам бериши керек

13-11-2018 16:26

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин жыйынында эл өкүлү Айнуру Алтыбаева балдар үйлөрүн, интернатты бүткөндөр сөздүн түз маанисинде көчөдө калышарын айтты. Ошондуктан мамлекет балдар үйлөрүнөн чыккандарды турак-жайлар менен камсыз кылуу боюнча программаны ишке ашыруусу абзел.

Өз сөзүндө эл өкүлү бул максатты ишке ашыруу үчүн Молдованын тажрыйбасына кайрылууга чакырды. СССРдин курамындагы жалпы тарыхыбызды эске ала турган болсок, Молдованын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн пайдалуу болмок.

«Балдарды коргоо багытындагы реформаны ишке ашырууга Кыргызстанда саясий эрк жетишет. Өлкө башчыбыздын Жарлыгына ылайык, интернаттык мекемелерди оптимизациялоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Социалдык өнүгүү программаларыбызда балдарды үй-бүлөдө тарбиялоого приоритет берерибизди айтканбыз», - деди депутат.

Мындан сырткары, парламентарий интернаттан тарбияланган жетим улан-кыздардын турмуштан өз ордуларын табуусуна мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтүүсү керектигин белгиледи. «Тилекке каршы, балдар үйлөрүнөн чыккандар ар кандай көйгөйлөр менен жалгыз алышып, кыйынчылыктарды өздөрү жеңип чыгууга аргасыз болушууда. Биз жетим балдардын интернаттан кеткенден кийин да мамлекет тарабынан  камкордукка, коргоого алынуусун  камсыз кылышыбыз кажет», - деди Айнуру Алтыбаева.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 174