Абтандил Кулбараков Жумгал районундагы соцобъекттерге материалдык жардам көрсөттү

13-11-2018 16:31

Жогорку Кеңештин КСДПчы депутаты Абтандил Кулбараков Жумгал районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектептин жаңы орнотулган жылытуу системасынын ачылышына катышты. Ошондой эле Чаектеги «Ак-Татыр» бала бакчасынын абалы менен таанышты.

«Ак-Татыр» бала бакчасы О. Ногойбаев атындагы эски мектептин базасында ачылган. Жаңы бала бакчанын шарттарын жакшыртууга депутат өз эсебинен 100 миң сом бөлүп берди. Учурда «Ак-Татыр» бала бакчасы ийгиликтүү иштеп келүүдө.

Мындан сырткары, эл өкүлү Беш-Терек айылындагы Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектептин жылытуу системасын ремонттон өткөрүүгө 150 миң сом өлчөмүндө жардамын берди.

Иш сапарынын соңунда депутат Абтандил Кулбараков Жумгал райондук курулуш жана архитектура Башкармалыгынын өтүнүчүн аткарып, А-3 форматындагы принтерди тапшырды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 111