Аалы Карашев «Жашы Климаттык Фонддун» мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга чакырды

13-11-2018 16:37

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында айтты. Анда А. Карашев Кыргызстан Париждеги эл аралык конференциянын негизинде кабыл алынган климаттык макулдашуунун катышуучусу экендигин эске салды. Анын айтымында, Кыргызстан «Жашыл Климаттык Фонддун» 10 млрд. долларлык каржысынан пайдаланууга толук мүмкүнчүлүгү бар.

«Аталган фонддун каржылоосу көп компоненттүү болуп эсептелет. Атап айтканда, абаны булгануудан сактоо,  таштандыларды кайра иштетүү, тоолуу райондорду өнүктүрүү, айыл-чарба, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу ж.б. долбоорлор  каржыланат. Фонд дүйнө жүзүндө 70тен ашык долбоорду колдоого алды, алардын ичинде биздин кошуна өлкөлөрдүн долбоорлору да бар. Казакстан – 110 млн. доллар, Тажикстан – 158 млн. доллар каржы алды. Кыргызстан болсо концепция үчүн 1,5 млн. доллар бөлүп бергенине карабай эч кандай долбоорлорду сунуштай албай келатат. Долбоордон да, 1,5 млн. доллардан да дайын жок», - деди А. Карашев. Буларды айткан депутат өкмөткө кайрылып, «Жашыл Климаттык Фонддун» каржылык мүмкүнчүлүктөрүн эффективдүү пайдаланууга, долбоорду даярдоого чакырды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 144