Азамат Арапбаев: Лабораторияларды стандартка келтирүү зарыл

13-11-2018 16:42

Бул туурасында депутат КСДП фракциясынын 12-октябрдагы жыйынында айтты.

ЖК депутатынын белгилөөсүндө, өлкөдө көптөгөн лабораториялар ачылды. Бул жакшы, бирок алардын баарын бирдей стандартка келтирбесе, ар биринде ар кандай анализ чыгарып, натыйжада жарандар башка дарыларга көптөгөн акчаларын кетиришип, туура эмес дарыланып келишүүдө.

Мындан сырткары, А. Арапбаев дарыканаларда сатуучулардын көрсөтмөсү менен эле дары-дармектердин сатылып жатканын сынга алды. «Азыр биздеги дарыканаларда сатуучулар өздөрү диагноз койгонго өтүп алышыптыр. Дарыгердин рецепти жок эле өздөрү дарыларды сунуштап сатып жатышкан фактылар көп. Мындайга жол берилбеши керек. Ошондуктан буга окшогон көрүнүштөрдү тартипке келтирип, бөгөт койгула», - деди эл өкүлү.

Ошондой эле депутат келечекте милдеттүү камсыздандыруу сөзсүз киргизилиши керектигин, бул башка өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп, оорулуулардын дарыланууга, операцияга кеткен чыгымдары камсыздандыруу фонддору тарабынан төлөнүп берилерин айтты. Анын айтымында, келечекте Кыргызстан да ошого өтүшү керек.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 161