Аалы Карашев медициналык мекемелердин жетекчилерин ротациялоону сунуш кылды

13-11-2018 16:47

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйыны өтүп, анда саламаттыкты сактоо системасындагы реформанын абалы, эне жана балдарды коргоо жаатындагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат угулду.

Жыйында депутат Аалы Карашев айрым мамлекеттик ооруканалардын жетекчилери оорукананын аймагына менчик бейтапканаларды, дарыканаларды ачып, ал жакка мамлекеттик оорукананын бейтаптарын жөнөтүп келишерин айтты.

Эл өкүлү өз сөзүндө белгилегендей, жылына саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө жылына 16 млрд. сом бөлүнөт, ошондой эле эл аралык донорлордун эсебинен узак мөөнөттүү долбоорлор ишке ашырылып келет.

«Ушуга байланыштуу каржылоо ар дайым администрлөө системасына байланыштуу эмес, медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү менен оорулуулардын санын азайтууга болот. Мисалы, биз азыр көп каражат бөлүнгөнүнө карабай кургак учукту жеңе албай жатабыз», - деди А. Карашев.

Мындан сырткары, депутат саламаттыкты сактоо систамасындагы кадр саясатына көңүл буруп, бул жаатта ооруканалардын жетекчилери ротациялоо системасын киргизүү зарылдыгын айтты.

«Ооруканалардын ичиндеги тартипти жөнгө салгыла. Азыркы күндө башкы дарыгерлер кызмат абалдарынан пайдаланышып байышууда.  Алар мамлекеттик ооруканалардын аймагына дарыканаларды, менчик бейтапканаларды ачып алышкан. Мунун бир себеби кадр маселесине байланышкан. Он жылдап кызматтан кетпей келаткан башкы дарыгерлер бар, алар өздөрү жетектеген ооруканага  менчигиндей мамиле кылууга өтүшкөн», - деди Аалы Карашев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 117