Улан Примов: Насыяларды алуу пайдалуу болушу керек

13-11-2018 16:51

Бул тууралуу эл өкүлү ЖКнын бюджет жана финансы комитетинин 15-октябрдагы жыйынында айтты. Анда “2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк сатып–өткөрүү чынжырчасын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкы ортосундагы каржылоо жөнүндө Макулдашууну жана 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфур-на-Майне шаарында кол коюлган “Агрардык өндүрүштүк сатып–өткөрүү чынжырчасын каржылоо” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Германия өнүктүрүү банкы KfW ортосундагы каржылоо  жөнүндө Келишимди  ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат У. Примов Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгону агрардык тармакты өнүктүрүүгө 200 млн. доллар грант жана насыялар алынганын белгилеп өттү.

«Бирок сезилерлик натыйжаны көрө элекпиз. Айыл-чарбанын жалпы экономикага кошкон салымы жетишсиз бойдон калууда. Биз бүгүн  “Агрардык өндүрүштүк сатып–өткөрүү чынжырчасын каржылоо” долбоорун карап жатабыз. Мен кесиптештеримин долбоордо тактоочу жагдайлар көп деп айткандарына кошулам», - деди эл өкүлү.

Депутат долбоордун алкагында бөлүнүп жаткан каражат мамлекеттик банктар аркылуу өтүүсү зарыл. Муну менен акчанын үстөгү төмөн болуп, көбүрөөк айыл-чарба өндүрүүчүлөрүн  камтууга мүмкүн болот.

«Мындан сырткары, кластерлерге бөлүп, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн милдеттер менен функциялар так бөлүнүшү кажет», - деди У. Примов.

Жыйындын соңунда Макулдашууну ратификациялоону кийинки жыйынга калтырып, айтылган сунуш, сын пикирлерди эске алуулар менен түзөтүүлөр киргизилүүсү керектиги белгиленди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 133