Марат Аманкулов окуучулар менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча баарлашты

13-11-2018 16:57

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов бүгүн, 15-октябрда Бишкектеги №63 мектеп-гимназиянын окуучулары менен жолугушуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча маек курду. Жолугушуу Жогорку Кеңештин улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган долбоорунун  алкагында өттү.

Эл өкүлү окуучулар менен жылуу саламдашкан соң жазуучунун балалык чагы, басып өткөн жолу тууралуу кыска аңгеме курду. Ал сөзүндө жазуучу кичинесинен турмуштун оорчулуктарын баштан өткөрүп, жаштайынан иштей баштаганын, жаш кезинен бүтүндөй айыл элинин жоопкерчилигин мойнуна алганын айтып берди.

Жазуучу тууралуу кеп кылган депутат Ч. Айтматовдун  «Ак кеме» повестине кеңири токтолду. Депутат бул чыгарманы окуган сайын чыгарманын жаңы бийиктиктерин ачып, анын философиялык жана психологиялык тереңдигин аңдай турганын белгиледи. «Чыгармадагы баланын өмүрү мага аябай жакын, себеби, мен өзүм да бала чагыман атасыз калгам», - деди Марат Аманкулов. Турмуштук тажрыйбанын призмасынан караган сайын «Ак кеме» повестиндеги каармандардын психологиясын да түшүнө баштаганын, Момун чалдын аракеттерин айыптабай калганын белгилеп өттү.

Мындан сырткары, эл өкүлү окуучулардын адабиятка болгон кызыгууларын сурады, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы сүйүктүү каармандары кимдер экендигине кызыкты.

Жолугушуунун соңунда Марат Аманкулов мектептин китепканасына жазуучунун толук чыгармалар жыйнагын  тапшырып, окуучуларга көркөм чыгармаларды көп-көп окууга, өздөрүн өстүрүүгө маани берүүгө чакырды. Ал баса белгилеп өткөндөй, мында окуучуларга китеп эң сонун жардам берет.

Ошондой эле Марат Аманкулов «Ак кеме» повестиндеги баланын сүрөтү түшүрүлгөн картинаны белекке берди. Окуучулар да эл өкүлүн куру кол кетиришкен жок. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча чыгармалар жана сүрөттөрдөн турган эсселер жыйнагын, Бугу-Эненин элеси түшүрүлгөн картинаны белекке беришти.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 169