Дастан Бекешев жеке сот аткаруучулар институтун өнүктүрүүнү сунуш кылды

13-11-2018 17:00

Жогорку Кеңештин 17-октябрдагы жыйынында депутаттар «КРнын Жарандык процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карашты.

Жыйында КСДПчы депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоору редакциялык мүнөзгө ээ экенин, Жарандык процессуалдык кодексти шашылыш кабыл алуунун кесепети болгонун белгилеп өттү.

Ошондой эле эл өкүлү сот адилеттүүлүгүнүн сапатына соттук актыларды аткаруу маселелери таасир этерин айтты.

«Эгерде аткрылбаса, анда калыс соттук чечимдерди кабыл алуунун кандай пайдасы бар? Бир нерсени ачык айталы, мамлекеттик сот аткаруучуларга акча бермейинче алар чечимдерди аткарышпайт. Эгерде сот аткаруучулар чечимди аткарууну 3 жылга создуктурса да, алар бул үчүн эч кандай жаза алышпайт, болгону сөгүш берилиши мүмкүн», - деди Дастан Бекешев. Муну айтуу менен депутат жеке сот аткаруучуларды өнүктүрүүнү сунуш кылды. Мындай институттар дүйнөнүн көп жерлеринде ийгиликтүү, натыйжалуу иштеп келатат.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 117