Азамат Арапбаев: Бизге биринчи инстанциянын өздөрүн дискредитациялап алган соттору керекпи?

13-11-2018 17:04

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 17-октябрдагы жыйынында айтты. Анын айтымында, чыгарган чечимдери адилеттүү эмес, кээде абсурддук болгон биринчи инстанциянын сотторун кармоо канчалык максатка ылайыктуу экенине депутаттардын көңүлүн бурду.

«Бүгүнкү күндө бизде ушундай кырдаал түзүлүп калды, бир эле иш боюнча биринчи инстанциянын соттору бир чечим чыгарышса, экинчи инстанциядагылар аны жокко чыгарып, өздөрүнүн чечимдерин чыгарышат, ал эми Жогорку Сот таптакыр башка үчүнчү чечим чыгарышы ыктымал. Бирок көп учурда биринчи инстанциядагы соттук актылар боюнча арыздануулар болот. Мисалы, Ошто болуп өткөн резонанстуу учурду айталы. Эки жашы жете элек балдардын мушташына төрт милиционерди күнөөлөп коюшту. Коомчулукта соттордун чечимдерине болгон нааразычылык күчөп атат, айрыкча биринчи инстанциядагыларга», - деди Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылган Азамат Арапбаев.

Гүлбара Калиева депутат менен макул экенин билдирип, бирок биринчи инстанциядагы соттордун баары туура эмес чечим чыгарат деген туура эмес экенине токтолду.

«Эгерде сиз дайыма эле адилеттүү чечим чыгарбай тургандыгы менен макул болсоңуз, анда биринчи инстанциядагы сотторду жоюп эле салсак кантет?», - деди эл өкүлү.

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева райондук соттор жарандардын сот акыйкаттуулугуна жетишүүсү үчүн иштөөсү зарыл экенин айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 138