Жылдыз Мусабекова: Бишкектеги бала бакчаларда берилген сүт, эт азыктары талаптарга жооп бербейт

13-11-2018 17:10

Бул тууралуу эл өкүлү Жогорку Кеңештин 18-октябрдагы жыйынында айтты. Депутаттын айтымында, мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамы бала бакчаларда бузулуп жатат.

«Балдарга таалим тарбия берүү биринчи кезекте бала бакчалардан башталат. Тилекке каршы, бала бакчаларда тарбияланып жаткандардын тамактануусуна жакшы көңүл бурулбай жатат. Айтайын дегеним, Бишкектин бала бакчаларындагы балдардын ата-энелери кайрылып жатышат. Алардын айткандары боюнча, бала бакчаларга сатылып алынган эт, сүт азыктары талаптарга жооп бербейт экен. Балдар каймак майдын (сливочное масло) ордуна маргарин майын жеп жатышканы белгилүү болду. Эт, сүт азыктары менен камсыз кылган бир канча ишканалар монополия болуп алышыптыр. Ошондуктан бала бакчадагы мындай көрүнүштөрдү токтотуу зарыл. Өкмөт буга көңүл бөлүп, тиешелүү чараларды көрсө», - деди Ж. Мусабекова.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 148