Аалы Карашев: өкмөттүн алгылыктуу иштери көрүнбөй жатат!

13-11-2018 17:13

Жогорку Кеңештин КСДПчы депутаты Аалы Карашев 18-октябрдагы жыйында Өкмөттүн экономиканы көтөрүү, ишкерлерди колдоо, менчикти коргоо багытындагы иш-аракеттери алгылыктуу болбой жатканын айтып, өкмөттүн ишмердигин сынга алды.

«Эсиңиздерде болсо, өкмөттү бекитип жатканда ишкерлерди колдоо, аларды коргоо боюнча демилгелер көтөрүлгөн болчу. Жакшы сунуш-пикирлер айтылган. Өкмөт аларды эске алмай болгон. Бирок бул багытта иштер көрүнбөй жатат. Дүйнө жүзү электрондук лицензиялоого өттү, биз болсо алигече бул жатта реформа кыла албай жатабыз. Салыктарды сырттан көзөмөлдөө боюнча да иштер жок.  Региондорго инвестиция тартып, долбоорлорду ишке ашыруу иштери да болбой жатат», - деди эл өкүлү.

Аалы Карашев ошондой эле Статком берген статистикалык маалыматтар да көңүл жылытарлык эмес экенин айтты. Анын айтымында, жумушсуздардын саны 9,1 % көбөйсө, экспорттын көлөмү азайып, импорттун көлөмү 1,7 %га көбөйгөн.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 340