Рыскелди Момбеков: «Коопсуз шаар» долбоору жемкорлуктун айынан ишке ашпай келатат!

13-11-2018 17:16

Бул тууралуу КСДПчы депутат Жогорку Кеңештин 18-октябрдагы жыйынында айтты. Анын айтымында, «Коопсуз шаар» долбоору жемкорлуктан улам ишке ашпай келүүдө.

«Өкмөт 7 жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра албай жатса, 1 жылдын ичинде 2 жолу өткөрүлгөн тендер үзгүлтүккү учурады. Бул эми уят. Эмне үчүн 7 жылдан бери долбоор ишке ашпай жатат? Анын жообу жөнөкөй эле. Жемкорлуктан улам ишке ашпай жатат. Тендер деген кыргызча теңин бер деген эле да. Алгандар теңин бер десе, берчүлөр кемин берем деп атып, тендер ишке ашпай калууда. Акыркы өткөрүлгөн тендерде да ушундай көрүнүш болду», - деди Р. Момбеков.

Мындан сырткары, депутат долбоорду ишке ашырчу жооптуу кызматка жоопсуз адамдын коюлганын  сынга алды. Маалыматтык технология  жана байланыш боюнча Мамлекеттик комитеттин башчысы Бакыт Шаршембиевдин 9 кылмыш иши бар экенин айткан депутат,  ал боюнча маалыматтарды  өкмөт башчыга жана президентке бере турганын билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 397