Төрөбай Зулпукаров менен Катардын элчиси парламенттер аралык кызматташуунун келечегин талкуулашты

13-11-2018 17:21

КСДПчы депутат, КР Жогорку Кеңешинин Катар мамлекети менен кызматташуу боюнча достук тобунун башчысы  Төрөбай Зулпукаров бүгүн, 22-октябрда Катардын Кыргызстандагы  толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла  бин Ахмад Аль-Сулайти менен жолугушту.

Эл өкүлү конокторду жылуу тосуп алды. Өз сөзүндө Кыргызстан менен Катардын ортосундагы кызматташтык азыркы учурда жогорку деңгээлде экенин айтты. Ал эки өлкө ортосундагы кызматташтык кеңейин баратканын белгиледи. Т. Зулпукаров маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында өлкөнүн аймактарында социалдык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасады.

Өз кезегинде элчи Абдулла бин Ахмат Аль-Сулайти депутатка ыраазычылыгын билдирип, кызматташтыкты мындан да өнүктүрүүгө, жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин кошумчалады. Тараптар эки өлкөнү алакасын өнүктүрүү менен парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында социалдык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгилеп өтүштү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 198