Абдывахап Нурбаев Ош шаарында таштандыларды иштетүүчү завод куруу үчүн жер маселесин чечип берүүгө чакырды

13-11-2018 17:25

Бул жөнүндө эл өкүлү Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында айтты.Ал Өкмөттүн ЖКдагы өкүлүнө кайрылып, Ош шаарында катуу таштандыларды иштетүүчү завод курууга жер бөлүп берүү маселесин чечүү зарылдыгынбелгиледи.

Депутат КР менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашууга 2016-жылы кол коюлганын айтты.

«Бул макулдашуунун алкагында 10 млн. евро бөлүнгөн, анын жарымы кредит болсо, жарымы гранттык каражат. Жер маселеси чечилбегендиктен, долбоор али күнчө ишке ашырыла элек. 2019-жылдан тартып кредиттин үстөктөрүн төлөө башталат. Ошол эле мезгилде Жапалак айылынын жашоочулары нааразы болуп келатышат, анткени, Ош шаарынан чыккан калдыктар Жапалактын аймагына ташылып  төгүлөт. Андан чыккан жагымсыз жыттар элге зыянын тийгизип, инфекциялык оорулардын өсүүсүн шарттоодо», - деди Абдывахап Нурбаев. Муну айткан эл өкүлү жер маселесин эртерээк чечип, долбоорду ишке ашыруу зарыл экенин баса белгиледи.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 173