Айнуру Алтыбаева: 2011-жылдан тартып пошлинасыз алтын рудаларын сыртка чыгаруу 20 эсеге көбөйдү

13-11-2018 17:42

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти комитетинин 30-октябрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды.

Жыйындын жүрүшүндө,  эл өкүлү Айнуру Алтыбаева бул ирет да республикалык бюджет чоң дефицит менен киргизилип жатканын айтып, пошлинасыз ташылып жаткан алтын рудалары боюнча мыйзам долбоорун карап, анын негизинде  бажы пошлинасынын өлчөмүн аныктоо  бюджеттин көлөмүн көбөйтмөктүгүн белгиледи.

«2011-жылдан бери алтын рудаларын сыртка ташуу 21 эсеге көбөйдү. Кытай жана казак компаниялары алтын рудаларын күндөп-түндөп чоң көлөмдө ташып жатышат. Мен сиздин позицияңызга түшүнбөй жатам. Эмне үчүн өкмөт бажы пошлинасын киргизбей жатат? Өлкөдөн миллиарддаган  сомдор чыгарылып, Кыргызстанга тыйын да калбай жатат. Бул акчаларга канча деген мектеп, бала бакчаларды курса болот эле. Өкмөт өзү демилгелебейт, биз демилгелесек тескери корутунду берет», - деди А. Алтыбаева. Муну айткан эл өкүлү Кыргызстандын аймагына алтын бөлүп алуучу фабрика куруу зарыл экенин белгилеп өттү.

Депутат ошондой эле бюджеттин дефицитин жабуу үчүн сырттан каражат алуунун  кооптуу экенине көңүл бурду.

Сөзүнүн соңунда эл өкүлү президент тарабынан жарыяланган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында бюджеттен бөлүнгөн каражатты өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшоо туура болорун айтты.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 176