Дастан Бекешев: Майыптардын укугу боюнча БУУнун Конвенциясы – Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо боюнча даяр карта

15-11-2018 14:58

5-ноябрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде “Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө, КСДПчы депутат Дастан Бекешев каралып жаткан мыйзам долбоорун колдоого чакырып, аталган документ кабыл алынса, майыптыгы бар балдардын укуктук жактан толук корголуусун камсыз кыла турганын белгиледи.

«Мен БУУнун майыптыгы барлардын укуктары боюнча Конвенцияны ратификациялоого чакырам. Албетте, мен бүгүн Конвенцияны кабыл алсак, эртең бүт өзгөрүп кетет дегенден алысмын. Бирок бул карта мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктарын коргоо боюнча даяр карта болуп эсептелет, реалдуу механизмдерге ээ, аны киргизүү менен мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоо сапаттарын көтөрүп, саламаттыктарын чыңдай алабыз», - деди Дастан Бекешев.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 226