Улан Примов өкмөттү «Digital CASA – КР» долбоору боюнча насыяларды төлөөнүн деталдуу планын иштеп чыгууга чакырды

15-11-2018 15:02

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин 5-ноябрдагы жыйынында “2018-жылдын 2-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну («Digital CASA - Кыргыз Республикасы” долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды.

Мыйзам долбоору боюнча маалыматтык технология жана байланыш боюнча Мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев баяндама жасап, долбоордун суммасы 50 млн. долларды түзөрүн айтты. Бул сумманын 25 млн. доллары кредиттер болсо, 25 млн. доллары гранттар болуп эсептелет.

Анын айтымында, долбоор 4 компоненттен турат: телекоммуникациялык ирфратүзүмдөрдү өнүктүрүү, санариптик платформаларды жана «акылдуу» чечимдерди өнүктүрүү (маалыматтарды иштеп чыгуучу аймактык борборлор), институционалдык өнүктүрүү жана санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.

Жыйында КСДПчы депутат Улан Примов мыйзам долбоордун маанилүү экенине карабай, 4 ирет депутаттардын сунуштарын эске алуу үчүн артка кайтарылганын белгиледи. «Комитет мыйзам долбоорун 4 жолу артка кайтарды, анткени, өкмөт толук маалыматты бербей жатат. Бүгүн да сиздер ошондой эле тактика менен келип отурасыздар. Мисалы, сиздерде насыяны төлөөнүн так мөөнөттөрү, булактары менен деталдуу планы болушу зарыл. Сиздер кандай жол менен насыяны төлөгөнү жатасыңар?», - деди депутат Улан Примов.

Каржы министри Адылбек Касымалиев азырынча деталдуу план иштелип чыга электигин, бирок насыяны Каржы министрлигинин рекредиттөөдөн түшкөн акчанын жана Эл аралык өнүктүрүү агенттигинен алынган насыя, гранттардын эсебинен төлөө пландалып жатканын билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 214