СДПК фракциясынын лидери Иса Омуркуловдун басма сөз Күнү менен куттуктоосу

15-11-2018 15:05

Урматтуу маалымат жана басма сөз кызматкерлери!

Сиздерди жана сиздер аркылуу калайык калкыбызды 7-ноябрь- маалымат жана басма сөз күнү менен СДПК фракциясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктаймын!

1924-жылдын октябрында уюштурулган автономдуу облусубузда 7-ноябрда эне тилибизде алгачкы басылманын чыгарылуусу - мамлекеттигибиздин кайра жаралуусун, эркиндикти эңсеген элибизге тилин, маданиятын, адабиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кеңири жол ачылгандыгын символдоштурган саясый, социалдык зор мааниси бар окуя болгон. Төл башы басылмабыз 1930-жылдардын ортосуна чейин маалыматтарды таркатып, саясатты жүргүзүүнүн гана каражаты эмес, калктын сабатын жоюуда «Алиппе» катарында да кызмат өтөгөн. «Эркин Тоо» чындыгында ак жолтой болуп, кийин ондогон басылмалардын, чыгармачыл уюмдардын жаралуусуна жол ачты. Улуттук басма сөзүбүздү негиздегендердин көбү адабиятыбыздын, маданиятыбыздын, илимдин жана билимдин, мамлекетти башкаруунун чыгаан ишмерлерине айланышты. “Эркин Тоодон” башталган кайра жаралуу өлкөбүз көз карандысыздыкка жетишкенден бери дагы жаңы күчкө, жаңы демге ээ болуп, демократиянын, плюрализмдин, айкындыктын жана атаандаштыктын шарттарында улуттук басма сөзүбүз жана маалыматтык каражаттарыбыз дүркүрөп өсүп өнүгүүдө. Ага азыр республикабызда 160ка жакын гезит, ондогон журналдар чыгарылып, 60ка жакын телерадио студиялар, электрондук маалымат каражаттары иштеп жаткандыгы далил боло алат. Эң негизгиси, жалпыга маалымдоо каражаттарынын терс көрүнүштөрдү ашкерелеп, коомдук пикир түзүүдөгү ролдору жылдан жылга артып баратат. Азыр жалпыга маалымдоо каражаттарысыз бир күн да жашоону элестетүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан маалымат жана басма сөз Күнү - журналисттердин гана эмес, жалпы элдин майрамы болуп саналат десек аша чапкандык болбойт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен дагы бир жолу кызуу куттуктап, бекем ден-соолукта, аманчылыкта жана байгерчиликте демократияны, айкындыкты жана маалымдуулукту камсыз кылууда албан-албан ийгиликтерге жетише берүүңүздөрдү каалаймын! Асманыбыз дайыма ачык болуп, эгемендүү өлкөбүздүн арышы арта берсин!

Майрамыңыздар менен!

Иса Омуркулов
СДПК фракциясынын лидери

Көрүүлөрдүн саны : 308