Депутаттар жарандардын репродуктивдик укуктарын өнүктүрүүнү колдоого алышты

15-11-2018 15:08

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Карамат Орозова, Аида Касымалиева, Альфия Самигуллина, Жылдыз Мусабекова жана Евгения Строкова «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана алардын ишке ашырылуусунун кепилдиги жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек үстөлгө катышышты.

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети, калкты жайгаштыруу Комитети менен биргеликте БУУнун калкты жайгаштыруу Фонду жана «Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча Кыргыз Альянсы» коомдук бирикмесинин техникалык колдоолору аркасында «Жарандардын репродуктивдик укуктары жана алардын ишке ашырылуусунун кепилдиги жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек үстөл өткөрдү. Ага ЖК депутаттары, Өкмөттүн мүчөлөрү, жарандык коомдук өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө, депутат Аида Касымалиева Кыргызстан 2030-жылга карата энелер өлүмүнүн глобалдык коэффициентин төмөндөтүп, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын чарчап калуусуна бөгөт коюшу керектигин белгилеп өттү.

«Бүгүнкү репродуктивдик саламаттыктын абалы алдыдагы 10-15 жылда Кыргызстандагы демографиялык процесстерге түздөн түз таасир этет. Ошондуктан калктын репродуктивдик саламаттыгын сактоого мамлекет тарабынан тиешелүү көңүл бурулуусу абзел. Репродуктивдик саламаттыктын абалын оңдоо жана элдин сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн парламент бул багыттагы мыйзам долбоордун аткрылуусуна колкабыш кылат», - деди Аида Касымалиева.

Өз кезегинде эл өкүлү Карамат Орозова репродуктивдик саламаттыкты сактоо – мамлекеттин социалдык саясаттагы маанилүү милдеттерден экендигин белгиледи. Ошону менен бирге ал тегерек үстөлдүн катышуучуларына жемиштүү, натыйжалуу иш алып барууну каалады.

Депутат Альфия Самигуллина каралып жаткан маселенин маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстандагы энелердин өлүмү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде эң жогорку экенин белгиледи. Анын айтымында, өспүрүмдөрдүн кош бойлуулук көрсөткүчтөрү жогорулап, аборт учурларында көз жумгандар жок эместигин да айтты.

«Биз бүгүн үй-бүлөнү пландаштыруу, контрацептик дары-дармектерди сатып алууга мамлекеттен акча бөлүү жөнүндө айтып атабыз. Бул аябай актуалдуу тема, эгерде үй-бүлөнү туура пландаштырсак, биз каалаган балдар төрөлөт. Статистика мындай балдардын жашап кетүү көрсөткүчү жылдан жылга жогорулап жатканын көрсөтүүдө», - деди эл өкүлү.

Евгения Строкова жарандарда өздөрүнүн репродуктивдик саламаттыктарына болгон жоопкерчилик сезимдерин ойготуу тууралуу айтты. Анын белгилөөсүндө, жарандар арасында агартуучулук иштерди жүргүзүп, аларга керектүү маалыматтарды берүү зарыл.

Ошондой эле талкууланып жаткан маселе боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү сөз сүйлөшүп, аталган мыйзамдын аткарылуусу тууралуу маалымат берген презентация жасашты. Мындан сырткары, тегерек үстөлдүн катышуучулары Ош, Талас облусунда жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча отчеттук маалыматтарды угушту.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 245