Жылдыз Мусабекова: Бала бакчаларды азык-түлүк товарлары менен камсыз кылууда айрымдар монополист болуп алышты

15-11-2018 15:12

Бул туурасында КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңештин 15-ноябрдагы жыйынында айтты. Эл өкүлү өз сөзүндө, бала бакчалардагы тамак- аш азыктарынын сапаты эч кандай талаптарга жооп бербестигин белгиледи.

«Биз, позиция, оппозиция деп бөлүнсөк да, баарыбыз балдар деп жашап келебиз. Балдардын калыптануулары, дүйнө-таанымдары бала бакча, мектептерден башталат. Тилекке каршы, биз саясатташып кеткенибиз менен балдар маселесине келгенде таптакыр үн катпай жатабыз. Балдардын жеген, ичкендерине, алган билимдерине көңүл бурган киши жоктой. Мен бир нече жолу бала бакчаларга тамак-аш азыктарын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерлерде мыйзам бузуулар аябай көп болуп атканын айттым эле. Азык-түлүктөрдүн сапатын аныктоочу документтери, ветеринардык күбөлүктөрү жасалма экенин айткам. Бул жагынан алганда, айрымдар шаарды эмес аймактардагы бала бакчаларга да монополист болуп алышкан. Өкмөттү уруп ойношпойт, өз билген талкандарын чалып атышат. Маселени иликтеп атып, бир нерсеге таң калдым. Бишкекте төрт район болсо, андагы бала бакчаларга келип аткан тамак-аш, ж.б. товарлардын баалары төрт башка экен. Бирлериники арзан болсо, экинчилеринин баалары кымбат, үчүнчүлөрүнүкү асмандын башын чапчыйт. Тиешелүү жетекчилер буларды карабай, эмне кылып отурушат?! Төрт районду борборлоштуруп, бирдей баа койсо болбойт беле? Төрт башка баа менен кимдир бирөөлөрдүн капчыктарын кампайтып атабызбы? Өткөндө эртең менен айтсам, түштөн кийин Билим берүү башкармалыгынан «мектептерди текшерип чыктык, депутаттын айтканы реалдуулук менен дал келбейт» деп интернет айдыңында жооп берип атат. Кыска убакытта кантип текшерип коюшту? Бүгүн болсо, монополист болуп алышкандар бул маселе көтөрүлсө, митингдерди уюштурабыз деп жатышат. Ошол үчүн Ашыркул Мойдунович, бааларды борборлоштуруу маселесин колго алышыбыз керек. Алгач Бишкек шаарынан баштап, 4 райондогу бааларды борборлоштуралы, анан аймактарга өтсөк», - деди депутат Жылдыз Мусабекова.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 252