Карамат Орозова: Жаштар министрлигин кайра түзүүнү сунуш кылам

15-11-2018 15:27

Мындай сунушун депутат Карамат Орозова Жогорку Кеңештин 15-ноябрдагы жыйынында айтты. Эл өкүлү мурда жаштардын комсомол уюму болгонун, бүгүнкү күндө жаштардын башын бириктирген эч кандай орган, уюм жоктугун белгилеп, жаштар министрлигин кайрадан түзүү зарылдыгын билдирди.

«Мына, жакында жаштардын комсомол уюмунун 100 жылдыгын белгиледик. Союз кезинде жаштардын башын бириктирген комсомол уюму бар болчу. Комсомолдордун өлкөнүн экономикалык, социалдык турмуштагы ролу чоң эле. УАМ согушта жеңишке жетишүүдө да комсомол жаштардын орду зор болгон. Согуштан кийин талкаланган шаарларды калыбына келтирип, кайра курууда да комсомол жаштары жакындан жардам кылышкан. Бүгүнкү күндө да жаштар өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп келатышат. Кайсыл тармакта болбосун жаштар жетишерлик, өздөрүнүн билимдерин өлкө үчүн жумшашууда. Сыртта жүрүшкөн мигранттар жылына миллиарддаган сомдорду өлкөгө которушууда. Бирок тилекке каршы, учурда жаштардын башын бириктирген орган, уюм жок. Ошол себептен жаштар ар кандай уюмдарды, бирикмелерди, партияларды түзүшүүдө. Мен Өкмөткө сунуш кылат элем. Жаштар министрлигин кайрадан түзүү керек. Бул жаштардын коомдогу, экономикалык, социалдык турмуштагы ролун жогорулатууга өбөлгө болмок», - деди эл өкүлү.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 370