Аалы Карашев: Өкмөт БУУнун майыптардын укуктары боюнча Конвенциясына каржылык колдоо көрсөтүшү зарыл

27-11-2018 14:11

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Аалы Карашев каралып жаткан документти колдой турганын билдирди. Ошондой эле социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровго кайрылып, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны канча экендигин, Конвенцияны ишке ашырууга канча каражат талап кылынарын сурады.

У. Кочкоров өлкөдө 184 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бардыгын, алардын 29 миң 690у балдар экенин айтты. Ал эми Конвенцияны ишке ашырууга 10 жылдын ичинде 6,6 млрд. сом керектелет.

Эл өкүлү Аалы Карашев бул маселеде өкмөт биринчи кезекте каржы булагын табышы керектигин белгиледи. Ансыз БУУнун Конвенциясы кезектеги декларативдик документтердин бирине айланып калышы ыктымал.

Соңунда А. Карашев БУУнун майыптардын укуктары боюнча Конвенциясын ратификациялоого өкмөткө 7 жыл керек болгонун айтып, өкмөттү мындан ары өлкө башчы тарабынан кол коюлган документтерди ратификациялоону ыкчам ишке ашырууга чакырды.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 299