Айнуру Алтыбаева: БУУнун майыптардын укугу боюнча Конвенциясын ратификациялоо – Кыргызстандын укуктук жана социалдык өлкө экенин билдирет

27-11-2018 14:15

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде «Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.

Жыйында эл өкүлү Айнуру Алтыбаева каралып жаткан документти ратификациялоону колдоого алып, документ ратификацияланса майыптыгы бар жарандардын укуктарынын толук түрдө ишке ашырылуусуна түрткү берерин белгилеп өттү.

«Биздин башкы мыйзамда Кыргызстан суверендүү, демократиялык, укуктук, лайыктык, унитардык, социалдык мамлекет экендиги, эл аралык милдеттенмелерге ылайык, социалдык топтогу бардык жарандарга бирдей шарттарды түзүүгө милдеттенме алганы жазылган», - деди Айнуру Алтыбаева. Ошону менен бирге депутат Конвенцияда каралган социалдык программаларды ишке ашырууну өкмөт тездетүүсү керектигин кошумчалады.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 311