Абтандил Кулбараков Жумгал районундагы мектептин курулушун көзөмөлгө алууга чакырды

06-12-2018 12:14

Жогорку Кеңештин 6-декабрдагы жыйынында КСДПчы депутат Абтандил Кулбараков Нарын облусундагы бир катар социалдык объекттердин курулушун 2019-жылдын бюджетинин капиталдык салымдар тизмесине киргизүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле эл өкүлү Жумгал районунун Чаек айылындагы О. Ногойбаев атындагы орто мектептин курулушун бүткөрүүгө чакырып өттү.

«275 орунга эсептелген мектептин курулушу 2015-жылы башталган. Мектепти 2017-жылы бүткөрүү пландалып жаткан болчу. Азыр 2018-жылдын декабры, бирок мектеп алиге чейин эксплуатацияга бериле элек. Окуучулар эскилиги жеткен мектепте билим алууга аргасыз болушууда. Мага белгилүү болгондой, каржылоо толук түрдө жүргүзүлгөн. Бирок белгисиз себептерден улам подряддык ишкана курулуш ишин толук жүргүзгөн эмес, дагы деле каржылоону күтүп жатат. Жоопкер мамлекеттик органдар бул маселени өз көзөмөлүнө алып, курулушту аягына чыгарышы керек», - деди Абтандил Кулбараков.

Депутат ошондой эле Ак-Талаа районундагы Молдобасанов орто мектебинин спорттук залын курууну да 2019-жылдын бюджетине киргизүү зарылдыгын айтты. Анын айтымында, курулушу 2015-жылы башталган курулуштун сметалык баасы 20 млн. сомду түзсө, бүгүнкү күнгө чейин 3 млн. сом гана бөлүнгөн.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 285