КСДП фракциясынын лидери Иса Омуркулов кыргызстандыктарды Жаңы Жыл майрамы менен куттуктайт

31-12-2018 10:09

Кымбаттуу мекендештерим!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Мен сиздерди Жогорку Кеңештеги Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын атынан жаркырап кирип келе жаткан  2019 - Жаңы Жылыңыздар  менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!

Өтүп бараткан жыл   - кыргыз эли үчүн жаман жыл болгон жок. Экономикада - динамикалуу ишенимдүү өнүгүү жолуна түштүк, социалдык чөйрөдө - билим берүү, саламаттыкты сактоо, турак жайлар  боюнча ондогон ири объектилер пайдаланууга берилип, жүз миңдеген тургундарыбыздын жашоо шарттары, тейлөөнүн абалы кескин жакшыртылды. Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында  аймактарда жашагандардын турмуш-шарттарын оңдоо жаатында көптөгөн иштер аткарылып,  элдин көйгөйлөрүн чечүүгө, бир катар социалдык объекттерди куруп, ишке киргизүүгө мүмкүн болду. 

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын  эң жогорку деңгээлде өткөрүп, Кыргызстаныбызды дагы бир жолу дүйнөгө даңазалай алдык. Көчмөндөр оюндарын көрүүгө дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринен миңдеген адамдар келишип, алар кыргыздардын улуттук оюндарына, каада-салт, үрп-адаттарына, улуттук өзгөчөлүктөрүбүзгө күбө болуп кетишти. Көчмөндөр оюндарынын масштабын кеңейтүү менен эстафетаны Түркия өлкөсүнө өткөрүп бердик. Эми мындан ары көчмөндөр оюндарынын ареалы дагы да кеңейе берет. Бул жалпы кыргыз элинин  зор жетишкендиги, бийиктиги  жана сыймыгы!

Залкар замандашыбыз, улуу мекендешибиз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгилөө өтүп бараткан жылга туш келди. Жазуучунун мааракесин мамлекеттик, эл аралык деңгээлде татыктуу, жогорку деңгээлде белгилеп алдык. Айматовдун 90 жашынын урматына көптөгөн маданий, адабий, илимий иш-чаралар өткөрүлдү, бир катар мамлекеттерде айкелдери тургузулуп, көчөлөргө, бактарга ысымы берилди. Муну менен биз, кыргыз эли улуу мекендешибизге болгон  зор урмат-сыйыбызды көрсөттүк.  

Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы  жылды утурлай элдин аярлуу катмарынын экономикалык-социалдык абалын жакшыртууга мүмкүндүк берген  мыйзам долбоорлору кабыл алынды, эми ал жаңы жылдан тарта аткарылганы турат. Мыйзам иштей баштаса, миңдеген аз камсыз болгон жарандарыбыздын социалдык шарттары жакшыра баштамакчы.

Өлкөбүздүн укуктук, демократиялык жактан өнүгүп, калыптануусунда эбегейсиз роль ойногон кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракеси да өтүп бараткан жылга туш келди. Бул мааракенинин алкагында Жогорку Кеңештин  тарыхтагы ролуна баа берип,  эл, өлкө алдындагы миссиясын аныктай алдык.

Урматтуу кыргыз эли!

Сиздерди дагы бир жолу жаркыраган 2019-жаңы жыл менен кызуу куттуктап, бардыгыңыздарга бекем ден-соолукта, аманчылыкта жана барчылыкта,  бакубат турмушта жана кажыбас кайратта алдыга койгон асыл максаттарыңыздарга жетишип, албан-албан ийгиликтерге ээ болушуңуздарды  каалаймын!

Жараткан Кыргызстаныбызды колдоп, ар кандай сыноолордон алыс кылып, келерки жыл тынччылыктын, ынтымак-ырашкерликтин, биримдиктин, берекенин, зор башталыштардын  жылы болсун!

Майрамыңыздар менен!

Иса Омуркулов

КСДП парламенттик

фракциясынын лидери

Көрүүлөрдүн саны : 297