Аралда жаңы мектептин курулушу башталды

11-07-2016 10:54

Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаттары Гүлкан Молдобекова менен Мээрбек Мискенбаев Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айылындагы жаңы мектептин  пайдубалын түптөө иш-чарасына катышты.

450 орунга ылайыкталган К. Нанаев атындагы Арал орто мектебинин курулушун түптөөгө ошондой Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, Талас районунун акими, айыл өкмөттүн башчысы, айылдын аксакалдары, жергиликтүү жашоочулар катышты.

Мектептин пайдубалына капсула коюшкан эл өкүлдөрү Г. Молдобекова менен М. Мискенбаев аталган мектеп  Өкмөттүн  100 мектепти куруу планынын алкагында курулуп жатканын белгилешип, келечекте мектептен мамлекет, эл үчүн кызмат кылышкан мыкты уул, кыздар билим алып, тарбияланып чыгышына тилектерин билдирди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 1783