КСДП жана УДИ фракциянын иши боюнча отчет даярдашты

21-02-2019 11:33

     Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргызстан Социал-демократтар парламенттик фракциясы (КСДП) эл аралык мамилелер боюнча  Улуттук демократиялык институт (УДИ) менен биргеликте КСДП депутаттык фракциясынын VI-чакырылышынын ишмердиги боюнча кыскача отчет даярдашты.

     Отчет бул чакырылыштагы КСДП фракциясынын башкы жетишкендиктери боюнча кыскача  маалыматтарды камтыган буклеттер түрүндө басып чыгарылды. Алсак, КСДПнын депутаттарынын аракеттеринин аркасында жерлерди трансформациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды, эми 45 миңден ашык үй-бүлө өздөрүнүн жер тилкелерин мыйзамдаштыра алышат. Мындан башка фркакциянын  коомдук пайдалуу демилгеси катары ЖОЖдордо билим алууга жеңилдетилген 5 %дык насыялардын бериле баштоосун айтууга болот. Насыяны бүтүрүүчү окуу жайды аяктагандан 5 жылдан кийин  төлөй баштайт.

     Мындан сырткары, отчетто КСДП фракциясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берген протоколдук тапшырмалары, өткөрүлгөн жыйындар боюнча маалыматтар, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, эне жана балдардын укуктарын коргоого багытталган ишмердиктер, ошондой эле демилгеленген мыйзам долбоорлору, шайлоочулар менен иштешүү жөнүндөгү статистикалык маалыматтар камтылган.

     КСДП парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 281