Депутат Кулбараков Жумгал районунда шайлоочулар менен жоолугушуп келди

19-03-2019 15:58

Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков өткөн ишембиде, 2019-жылдын 16-мартында Жумгал районунда иш сапары менен болду. Алгач Кызыл-Туу айылындагы мектептин бир бөлмөсүнө ачылган «Алтын-Ай» бала бакчасында болуп белек-бечкектерин (оюнчуктар) берди. Аны менен катар бала бакчанын полуна килем алып берүүнү убада кылды.

Андан кийин Чаек айылындагы Мидин Алыбаев атындагы мектептин маданият залында Чаек айылынын улакчыларына атайын тиктирип барган формасын тапшырды. (өтүк, баш кийим жана үстүнө кийген кийими менен 12 даана улакчынын формасы). Аны менен катар Жумгал районунун билим берүү бөлүмүнө, райондун мектептерине 5 (беш) даана компьютерди тапшырды.

Жумгал райондук ооруканасындагы негизги көйгөй катары жогорку категориядагы дарыгерлер таңсык болуп келүүдө. Окуунун аяктаган жаш дарыгерлер келбейт. Буга Жумгал району алыскы аймакта жайгашкандыгы, шартынын катаалдыгы жана маянанын өтө аз экендиги себеп. Мындан улам жергиликтүү бийликтин жана райондук оорукананын Башкы дарыгердин чакыруусу менен келип иштеп жаткан жаш дарыгерлерге кошумча тыйын берейин деген убадасын аткарып, 6 айдан бери иштеп жаткан Оңолбек кызы Нургүлгө 30 000 (отуз миң) сом, ал эми 4 айдан бери иштеп жаткан Жолочиев Нурланбекке 20 000 (отуз миң) сомду айлыгыңарга кошумча деп берди. Ошондой эле мындан ары ай сайын 5 000 (беш миң) сомдон кошумча айлык берип турмай болду.

Cапарын улаган эл өкүлү алыскы Миң-Куш шаарчасына барып, жергиликтүү жаштардын демилгеси менен курулган спорт залдын (күрөш залынын) ачылышына катышты. Эскерте кетсек, бул залды ачуу демилгеси жаштар тарабынан көтөрүлүп, иш башталганда эл өкүлү 100 000 (жүз миң) сом акчалай жардам берген. Буга кошумча ачылышында спорттук шаймандарды алуу үчүн жардам кылууну суранган жаштардын суранычын четке какпай 55 000 (элүү беш миң) сом берди.

СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы

Көрүүлөрдүн саны : 190