Түз
эфир
24-августта, Жогорку Кеңештин депутаты Козуев Алишер, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович жана кол астында иштеген жетекчилер, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныкулов Данияр Торогазиевич, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ногоев Турусбек Молдобекович, ошондой эле тиешелүү айыл өкмөт башчылары менен биргеликте, ошондой эле айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылууларынын негизинде Кара-Суу районундагы бир канча үрөнчүлүк чарбалардын, кооперативдердин жана Беш-Конуш көчөткананын ишмердүүлүгү менен таанышып, андан кийин Отуз-Адыр каналын реконструкциялоо иштери боюнча жеринде талкуулашты.