Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин негизги иш багыттары тууралуу маалымат укту

30-09-2022
17:01

Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясы КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин миграция, калкты ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү маселелер жана социалдык төлөмдөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө маалыматын укту.

Маалыматты Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишинин негизги жана приоритеттүү багыттары жөнүндө айтып берди.

Жогорку Кеңештин фракция лидери Нурланбек Шакиев министрликке татаал жана маанилүү социалдык маселелерди, анын ичинде миграция тармагындагы маселелерди чечүү тапшырылганын белгиледи. Талкууда депутат Кундузбек Сулайманов эмгек мигранттарынын балдарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы маселелерди белгиледи. Ал кошумчалагандай, ата-энелердин бири эмгек миграциясына кеткенде министрлик үй-бүлөгө социалдык жөлөкпул берүүнү токтотот, буга байланыштуу аларды берүү тартибин карап чыгуу зарыл. Депутат Таалайбек Сарыбашов жакырчылыктын деңгээли, республикадагы жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маселени көтөрдү. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев республикада жакырчылыктын деңгээли 33% экенине жооп берип, министрлик тарабынан ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлорго токтолду.

Депутат Надира Нарматова бир катар социалдык көйгөйлөрдү ортого салды. Ал социалдык жөлөкпулдарды берүүнүн жол-жобосун карап чыгуу, “балага сүйүнчү” жөлөк пулунун өлчөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүү, жалгыз бой энелерге жардам көрсөтүү программасын иштеп чыгуу боюнча маселелерди көтөрдү. Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо боюнча депутат Н.Нарматова диаспоралардын, активисттердин жана социалдык тармактардын жардамы менен эмгек мигранттарынын укуктарын маалымдоо иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи. «Биздин жарандар өз укуктарын билип, суроолоруна конкреттүү жооп алышы керек», - деди ал.

Депутат Талайбек Масабиров белгилегендей, ар бир эмгек мигранты өлкөдөн чыгаар алдында дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн даректери, кайсы бир мамлекеттеги укуктары тууралуу маалымат жана башкалар жазылган атайын китепче алышы керек. Депутат Камила Талиева эмгек мигранттарынын атайын маалымат базасын, анын ичинде эмгек мигранттарынын балдарынын маалымат базасын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү Мигранттарды каттоонун бирдиктүү системасы 2022-жылдын 25-майынан бери иштеп жатканын билдиришти. Ошондой эле депутат К.Талиева төрөт көйгөйлөрүнө, өлкөдө мамлекеттик демографиялык саясатты ишке ашыруу зарылдыгына өзгөчө көңүл буруп, азыр 1000 сомдон гана жөлөк пул алып жаткандыктан, Баатыр энелерге төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүнү сунуштады. Депутат Жамиля Исаева аймактарда жаштарды ишке орноштуруу, өлкөдөгү жумушсуздукту азайтуу жаатындагы маселелерди көтөрдү. Депутат Элдар Сулайманов эмгек мигранттарынын балдары көп учурда корголбогондугун, буга байланыштуу ар бир мектепте бала ата-энесине телефон чалып, бейтааныш адамдарсыз сүйлөшө турган атайын бөлмө бөлүп берүү зарылдыгын белгиледи.