Түз
эфир
2022-жылдын 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин « Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын депутаты Жаныбек Султанович күзгү эгин талааларын оруп жыюуга арналган «Күз Майрам» аттуу иш чарага катышты. Бул аталган иш-чара Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагынын Сары-Камыш айылында өттү.
Чакырылган конок катары тургундарды куттуктады жана айылдагы спорт залдын курулушуна акча чогултуу боюнча марафонго катышып, жеке акчалай салымын кошту. Ошондой эле жергиликтүү жарандардын көйгөйлөрүн угуп, бир нече суроолоруна жооп берди.