Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы 2022-жылдын 9 айындагы республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат укту

28-10-2022
16:05

Бүгүн, 2022-жылдын 28-октябрында Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыковдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9 айындагы республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат укту. Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

Маалыматты Кыргыз Республикасынын каржы министри Алмаз Бакетаев берди. Анын айтымында, консолидацияланган бюджеттин ресурстары 299,5 миллиард сомго жетип, республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 189,9 миллиард сомду түздү. Республикалык бюджетке салыктык түшүүлөр 144,9 млрд сомду түздү. «Быйыл жалпы чыгашалар 187,4 млрд сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 59,7 млрд сомго жетти. Реалдуу секторго 39,2 млрд сом багытталган, же өткөн жылга салыштырмалуу 20,4 млрд сомго көп», - деп белгиледи каржы министри.

Талкууда депутат Надира Нарматова КР Мамлекеттик шайлоо комиссиясы курууну пландап жаткан Мамлекеттик ипотекалык компанияны каржылоо, артыкчылыктуу тизме жана турак-жай берүүнүн тартиби тууралуу сурады. «Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын каржылык ишмердүүлүгү көзөмөлгө алынып, ипотекалык насыяны баштапкы төлөмсүз берүү маселеси каралышы керек», - деп белгиледи Н.Нарматова.

Депутат Айбек Маткеримов бүгүнкү күндө КР МИК ортомчулук гана кызматтарды аткарып жатканын баса белгиледи. Ал пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүп, ипотекалык насыяларды баштапкы төлөмсүз берүүнү сунуштады. Каржы министри Алмаз Бакетаев 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 1191 адам 3136,4 миллион сом ипотекалык насыя алганын белгилеп, депутаттардын сунуштары карала турганын кошумчалады.

Депутат Таалайбек Сарыбашов салыктык түшүүлөрдү кантип көбөйтүүгө болорун сурады. Ал ошондой эле соода-логистикалык борборлорду, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жаңы ишканаларды ачуу керектигин белгиледи. Каржы министри салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун эсебинен салыктык түшүүлөр көбөйгөнүн белгиледи. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев соода-логистикалык борборлорду ачуу боюнча министрлер кабинетинин пландарына токтолду. Депутат Улан Примов министрлер кабинети бир катар салыктык эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча чараларды көргөнүн айтып, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү керектигин кошумчалады. Депутат Камила Талиева республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча маселени көтөрүп, Баткен облусунун чек арага жакын аймактарында социалдык объектилерди курууга өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Ал Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү, анын ичинде Баткен облусундагы этникалык кыргыздар үчүн пенсия жана пособиелерди эсептөө маселелерин көтөрдү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев белгилегендей Баткен облусунда тиешелүү иштер этап менен анын ичинде КР МЭК аркылуу жүргүзүлүүдө.

Талкуунун жыйынтыгында “Ата Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 9 айындагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматты эске алды.