Бүгүн 2022-жылдын 9-декабрь күнү Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү жана ипотека рыногун өнүктүрүү аркылуу калктын турак жайга жетүүсү тууралуу маалыматын укту.
Аталган компаниянын башкармалыгынын төрагасы Аида Төлөгөнова «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Талкууда депутат Талайбек Масабиров турак жайларды куруу маселесине токтолуп, компания 2015-жылдан бери иштеп келе жатканын кошумчалады. «Банктар үстөк пайыз менен иштешет. МИК банктар ортосунда гана каражаттарды бөлүштүрөт. Натыйжалуу бир иштен жыйынтыгы жок», - деп белгиледи. Аида Төлөгөнованын айтымында, Нарын шаарында турак-жай, Бишкектин Тунгуч кичирайонунда 9 кабаттуу үй курулган.
Депутат Камила Талиева аймактарда, өзгөчө Баткен облусу тарабынан канча ипотекалык насыя берилип жатканына кызыкты. «Раззаков шаарына көп кабаттуу үйлөрдү куруу зарыл», - деген Камила Талиева чек арага жакын жайгашкан аймактардын тургундарынын документтерин жана арыздарын чогултууда бюрократияны кыскартууну сунуштады. Мамлекеттик шайлоо комиссиясынын коллегиясынын төрайымы Аида Төлөгөнова Баткен облусунда жаз айларында турак жайларды курууну баштоо пландалып жатканын билдирди.
Депутат Алишер Козуев мындан сегиз ай мурун дагы фракциянын жыйынынан «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча дал ушундай маалымат бергенин баса белгиледи. «Силер донорлордон жана республикалык бюджеттен каражат аласыңар, мамлекет курулушка жер бөлүп берет. Мамлекеттик жана коммерциялык банктар аркылуу насыя бересиңер. Жарандар насыя алуу үчүн 5 жылдан бери кезек күтүп келишет», - деди депутат. Аида Төлөгөнова суроолорго жооп берип жатып, 2 миңге жакын насыя берилгенин белгилеп, бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн санын эске алганда 10 миңге жакын адам экенин кошумчалады. МИКтин бүткүл иш мезгилине берилген кредиттердин жалпы саны 7 миңге жакын кредитти түзөт.
Депутат Кундузбек Сулайманов Мамлекеттик шайлоо комиссиясында тартипти сактоо маселесин карагыла, элибиз жеке менчик курулуш кооперативтерине алданып калып жатканын айтып сунуш берди. Депутат Жеңишбек Токторбаев МИКке республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатка кызыкты. Компаниянын ишмердүүлүгү бардык аймактарга бирдей мамиле жасалбай жатканын баса белгилеп, андан соң мамлекеттик банктарга караганда жеке менчик банктар көп пайызда каражат бөлгөнүн айтты. Мамлекеттик банктар элибиздин шартына жараша пайызын азайтып жеңилдиктерди түзүү керек экенин айтты. Аида Төлөгөнова белгилегендей, 2022-жылы 3 миллиард 800 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, 8 миң адам кезекте турат. «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Бактыбек Сыдыков МИК социалдык долбоор экенин, бүгүнкү күндө 4% менен ипотека берип жатканын кубаттап, аны чоң мамлекеттик программага айлантуу керектигин белгиледи. Анткени бүгүнкү күндө коммерциялык банктар 18-22% менен ипотека сунуштоодо. «Мамлекеттик ипотекалык насыя коммерциялык банктардагы кредиттөөдөн айырмаланып, жарандар үчүн пайдалуу. МИКтин ишинде мамилени өзгөртүү керек», — деди Бактыбек Сыдыков.
Талкуунун жыйынтыгында “Ата Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты көңүлгө алды.