Жолугушууга Түркмөнстандын Милли Генгешинин Межилисинин Төрайымы Гүлшат Мамедова, БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун жетекчиси Наталья Герман, Түркмөнстандан Нарине Сахакян, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жана ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылы Түркмөнстандын төрагалыгы астында диалогдун ишинин жыйынтыгы чыгарылып, жаңы приоритеттүү багыттары талкууланып, макулдашылды. Анын туруктуулугун жана институционалдык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча пикир алмашылды.
Депутат Жамиля Исаева диалог түзүлгөндөн бери гендердик теңчилик жаатындагы саясатты талкуулоо жана алдыга жылдыруу, аймактык кызматташтыкты чыңдоо үчүн абройлуу аянтча болуп калганын баса белгиледи. Ал гендердик теңчилик маселеси Кыргызстанды өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи. «Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы аялдардын укуктарына түздөн-түз тиешелүү БУУнун жети конвенциясын ратификациялады. Бул жагынан Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин сактоону ырааттуу карманып келет. Биздин республика Борбор Азияда биринчилерден болуп “Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Аялдардын саясий турмушка тец укуктуу катышуусуна шарт тузуу боюнча чаралар керулууде. Жарандык коомдун катышуусу менен 2021-жылы 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы кабыл алынган», - деди ал.
Эл өкүлү Жамиля Исаева Кыргызстандын басымдуу бөлүгүн тоолор ээлеп жатканын, буга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарын өнүктүрүү иштери жүрүп жатканын белгиледи. «Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров 2022-жылды Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялаган». Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы Ассамблеясы 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп атаган. БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында биз “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер” демилгесин көтөрүп жатабыз, - деди Жамиля Исаева.
Талкуунун соңунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Аялдар диалогунун жыйынтыктоочу документи кабыл алынды, анда саясий жана социалдык-экономикалык кайра курууларга аялдардын катышуусунун деңгээлин жогорулатуу, аялдардын мамилелерин кеңейтүү чөйрөлөрүндө мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттары чагылдырылган. Аялдардын жана кыздардын курчап турган чөйрөнү коргоо жана курч экологиялык көйгөйлөрдү чечүү, гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жеңүү, аялдардын жана кыздардын саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча саясатын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу.